Депутаттар педофилдерди физикалык бычууга каршы болушту

Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Жогорку Кеңеш комитетинин жыйынында депутаттар педофилдерди химиялык бычуу нормасын талкуулашты. Белгилей кетсек бул норманы киргизүү биринчи окууда эле катуу талкуу жараткан болчу.

КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев педофилдерди химиялык эмес, физикалык жактан бычууну сунуштады. Бирок, мыйзам долбоорунун демилгечилери Дастан Бекешев, Ширин Айтматова жана Турсунбай Бакир уулу каршы болушту.

"Биздин мыйзам өтө гумандуу. Биз физикалык бычууну киргизе албайбыз. Антени мындай операция учурунда адам көп кан жоготуп, өлүп калышы мүмкүн. Анан калса бул гумандуулукка жатпайт. Анда биз өлүм жазасын кайтадан киргизишибиз керек болуп калат",- деди Айтматова.

Бекешев болсо Тербишалиев эмоциясы менен ушундай түзөтүү киргизүүнү сунуштап атат деп белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД