Иликтөө иши адилеттүү жүрсө Анапияев Кыргызстанга келгенге макул

Алыш эл аралык федерациясынын жетекчиси Алманбет Анапияевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев бүгүн, 9-апрелде, пресс-конференция учурунда, Анапияев эгер ага карата козголгон кылмыш иштерин иликтөө адилетүү жана калыс жүрө турган болсо, ал Кыргызстанга кайтып келгенге макул экенин билдирди.

Анапияевди уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү деп күнөө коюп, бир катар кылмыш иштерине тиешелүү деп жатышат. Ошого байланыштуу ал адилетсиз чечимден кооптонот.

Учурда Алманбет Анапияев президенттик аппаратынын экс жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө, Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун директору Сергей Слеченко жана анын шопуру Кубат Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси бар деп шектелүүдө. Ушуга байланыштуу ал Аскер сотунун акыркы чечимин күтүүдө. Чечим чыгарылган соң, ал Кыргызстанга кайтып келиши мүмүкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД