Huawei компаниясынын өткөн жылкы кирешеси 2,5 млрд АКШ долларды түзгөн

Ал өткөн жылкы кирешеси тууралуу билдирүү жасады. Жыл ичинде сатыгы 8%га көтөрүлүп, 220 млрд юань, ал эми накта кирешеси 32%га жогорулап 15,4 млрд юань же 2,5 млрд АКШ долларды түзгөн.

2013-жыл индустрия чөйрөсү үчүн LTE технологиялар жылы болот. Мындай божомолду Strategy Analitics изилдөөлөрү көрсөтүүдө. LTE шаймандарынын сатыгы көрбөгөндөй жогорулай турганын көз карандысыз эксперттер билдирүүдө. Төртүнчү муундагы смартфондордун сатыгы төрт жана андан көп эсе жогорулайт.

Компаниянын генералдык мүдүрү Гу Пиндин айтуусунда баалуу кагаздар базарында операциялык маржа жогорулашы ыктымал. Учурда ал 9,1% түзөт.

Өткөн жылы компания, смартфондордун өндүрүш көлөмү боюнча үчүнчү орунда турган. Жакынкы жылдарды телекоммуникациялык шаймандардын сатык пайызы төмөндөшү ыктымал: АКШ, Австралия жана Канада коммерциялык жана соода өндүрүшүндө кытай шаймандарын колдонушканына чочулап келишүүдө.

Буга карабастан, компанияда сатыктан түшкөн киреше жыкынкы жылдары учурдагы 8%дан жылына 10%га жогорулай турганын билдиришүүдө.

2012-жылы уюлдук шаймандардын жергиликтүү ири оюунчулары - кореялык Samsung, америкалык Apple, кытайлык ZTE жана Huawei жана башка майда компаниялар, Кытай базарында 213 млн смартфонду сата алышкан. Бул болсо, 2011-жылга карата эки эсе көп,- дейт IDC.

Мындай түзүлүштөргө, бардык уюлдук телефондордун 58,8% сатыгы туура келет. Ал эми үстүбүздөгү жылы болсо, эксперттер 78,4% сатыкты божомолдошууда. 2017-жылы смартфондор, бардык уюлдук телефондордун 90,1% түзөөрү анык.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД