Парламентарийлер "мырк" деген сөздүн маани-маңызын талкуулашты

Бүгүн, 9-апрелде, бир нече жолку жылдыруулардан кийин парламенттик жыйында журналист Эрик Исраилов менен депутат Турсунбай Бакир уулу экөөнүн ортосундагы чыр-чатакты талкулоого өтүштү. Эске салсак, инцидент февралдын башында орун алган. Анда Исраилов депутат ага кол көтөрдү деп чуу салган.

"Ар-Намыс" фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова, социалдык тармакта Исраилов колдонгон "мырк" деген сөз эмнени билдирет деп кызыкты. "Силер "мырксыңар" деп жазыптырсыз, кимди жана эмнени айткыңыз келди ушул сөз менен?- деп суроо узатты.

Исраилов ал эч кимди антип айтпаганын билдирди. Бул сөздүн синоними "айылдык", "билими жок" дегенди билдирет,- деп кошумчалады.

КСДПнин депутаты Төрөбай Зулпукаров – демек кыргыз же орус тилин билбегендер мырк экен да– деп сурады.

Турсунбай Бакир уулу өз кезегинде, ал журналистти урбаганын айтып чыкты. "Эгер ал кол көтөрдү деп ушуну айтып жатса, накта эркекче таяк жеген кандай болоорун ага азыр көрсөткөнгө даярмын", - деди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД