Орточо айлыкты беш жылда эки эсе көбөйтүүгө сөз беришти

"Беш жылдан кийин Кыргызстандагы орточо айлык 20 миң сомдон ашат". Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде, Экономика министри Темир Сариев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн өнүгүү планында Кыргызстандагы орточо айлыкты беш жылда 120%га көбөйтүү каралган.

"Андан сырткары, өлкөнүн беш жылдык өнүгүү планында саламаттыкты сактоо, билим берүү, күч түзүмдөрүндө олуттуу реформалар да каралган. Ал эми орточо жаш курагын 73 жашка чейин узартууну пландап жатабыз",- деди Сариев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД