Кыргызстандык жаш каратист дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду

Кыргызстандык Айбек Ибраимов каратэ-до WSKU (World Shotokan Karate Union) боюнча дүйнөнүн чемпиону болду. Мелдештин расмий сайтында маалымдалгандай, Айбек 14-15 жаштагы кадеттер арасында 70 кг салмакка чейинки категория боюнча катышкан. Финалдык беттеште түркиялык Ахмет Уйгурду утуп, жеңишке жетишти.

"Мен өзүмдүн туулган күнүмө жакшы белек даярдадым. Дүйнөнүн үч жолку чемпиону болдум, жалпысынан 9 мушташ өткөрдүм",- дейт Ибраимов.

Белгилей кетсек, Ибраимов 2010-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу каратэ-до боюнча дүйнөнүн чемпиону болгон. Былтыр, 2011-жылы да ушул эле ийгилигин кайталаган. Чемпионат ката (комплекстүү көнүгүү) боюнча жана кумитэ (таймаш) боюнча өтөт.

Стамбул шаарында өткөн чемпионатка 45 мамлекеттен 3 миңдей спортчу катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД