Кемин районунда мас айдоочу кичинекей кызды сүзүп кетти

Жол көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору Кемин районунан кичинекей кызды сүзүп кеткен мас айдоочуну кармашты. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басмасөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлеринин айтуусунда, "Ауди-80" машинасынын айдоочусу, Кара-Дөбө айылынын 35 жаштагы жашоочусу мас абалында жол жээгинде ойноп жүргөн кичинекей кызды коюп кеткен.

Кырсыкка кабылган кыз оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД