Менчикке өткөн бала бакчаларды кайтарып алуу боюнча токтом долбоору каралды

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин бүгүнкү, 9-апрелдеги, жыйынында "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын менчиктештирилген жана багыты өзгөртүлгөн имараттары жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы каралды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Наталья Никитенко менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайтарып алуу боюнча жарытылуу иштер жүрбөй жатканын белгилеп, бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдар менен күч органдары биргелешип иш алпарбай жатканын сынга алды.

Депутат Роза Акназарова чек ара аймактарына жакын жайгашкан айылдардагы бала бакчалардын имараттарында орун алган чек ара тосотторунун азырынча кармап туруу зарылдыгына токтолуп, бюджет маселесин кароодо аларды атайын жай менен камсыздоо маселеси чечилиши керектигин айтты.

Комитет жыйынына төрагалык кылуучу депутат Эгемберди Эрматов коюлган маселенин алга жылышы үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун КР Өкмөтү менен бирдикте стратегиялык план түзүп иштөөгө чакырды.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору жактырылып, парламенттин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД