Атактуу жазуучу жергиликтүү элитаны эки жүздүү деди

Жазуучу Талип Ибрагимовдун пикири боюнча, Кыргызстандагы элита чынчылдык, абийирдүүлүк, ак-ниеттүүлүктүн жана жогору нравалуулуктун үлгүсү болушу керек. Анда жүрүм-турумдун бул үлгүсү тез эле калк арасына жайылат.

"Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекетте баардыгы бири-бирин тааныйт же кандайдыр бир туугандык мамилеси бар. Ошондуктан элитанын башкаларга мисал болушу абдан маанилүү. Ал эми биздин элита эки жүздүү: айтканы башка, кылганы тескери. Пафос менен калп айтуу өтө эле көп. Бардыгы кызыл кулак болуп, кандайдыр бир роль ойношот. Эл ошону өзүнө сиңирип алып, туурап жатат", - деди жазуучу.

Анын оюу юоюнча, өлкөгө жаңы элита зарыл, азыркылар бири-бири менен тыгыз чырмалышкан. Алар чыныгы жүзүнүн ачылып калышынан коркушат.

"Алар эч убакта өз ыктыяры менен кетишпейт. Бирок бийлик элитасы революция жолу менен эмес эволюция жолу менен өзгөрүшү керек", - дейт Талип Ибрагимов.

Кичине мамлекеттердеги элитанын таасири чоң мамлекеттерге салыштырмалуу алда канча күчтүрөөк болоорун жазуучу белгилейт.

"Эң коркунучтуусу, депутаттар кылмыштуу дүйнөнүн жашоо образын туурагандыгы", - деп жазуучу баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД