Депутаттар БУУнун Кыргызстандагы иш натыйжасы менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаттары менен Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы тутумдарынын жетекчилери кечээ, 9-апрелде, жолугушту. Жолугушууда БУУ командасы кыргыз парламентчилерин БУУнун Кыргызстанда жүргүзгөн иш жыйынтыгы менен тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

БУУнун жакырчылыкты кыскартуу, саламаттыкты сактоо тармагынын ишин жакшыртуу, табигый кырсыктардын алдыналуу маселелери да көңүл борборунда болду.

Депутат Асия Сасыкбаева Кыргызстан эл аралык уюмдар менен кызматташууга өзгөчө маани бере тургандыгын баса белгиледи. "Биз Бириккен Улуттар Уюму менен болгон кызматташтык мамилелерди баалайбыз. БУУ уникалдуу мандатка ээ дүйнөлүк уюм болуп саналат. Ал жалгыз-жарымдап чечилбей турган дүйнөлүк өнүгүүнүн олуттуу маселелерин чечүү максатында түзүлгөн", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД