Чүй облусу менен Жалал-Абат облусундагы бүтпөй калган жолдор оңдолот

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги отурумунда "Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргызстан менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору талкууга алынды. Анда Бишкек – Ош автожолун реабилитациялоонун алкагында каражаттын жетишсиздигинен улам бүткөрүлбөй калган Бишкек шаарынан Кара-Балта шаарына чейин жана Жалал-Абад облусундагы Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки 70 километр жол реабилитациялоого муктаждыгы белгиленди. Бул аралыктагы жолду оңдоо Азия Өнүктүрүү Банкынын каражатынын эсебинен каралып, техникалык жардам берүү жагы да банк тарабынан жактырылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган Кыргызстан менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору жактырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД