Алиментти убагында төлөбөгөндөр, аны үстөк айыбы менен кошуп төлөшү мүмкүн

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 9-апрелдеги жыйынында "КР Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи депутат Турсунбай Бакир уулунун айтымында, мыйзам долбоору алиментти төлөөгө милдеттүү болгон адамдардан аталган төлөмдөрдү өз убагында алып турууда жашы жете элек балдардын кызыкчылыктарын коргоо максатын көздөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Ошондуктан, Үй-бүлө кодексинин 120-беренесинин 2-бөлүгүндө алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү менен карыз пайда болсо, соттун чечими менен күнөөлүү адам алимент алуучуга кечиктирген ар бир күнү үчүн төлөнбөй калган алименттин суммасынан ондон бир пайызы өлчөмүндө үстөк айып төлөп берүүгө милдеттендирилет. Алименттин кечиктирилген ар бир күнү үчүн каралган үстөк айып төлөнбөй калган сумманын 0,1 пайызын түзүш керек.

Жыйынтыгында "КР Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору аталган комитеттин колдоосун тапты. Ошол эле комитет өкүлдөрү депутаттар Асия Сасыкбаеванын, Элмира Жумалиеванын, Ыргал Кадыралиеванын ар бири өз-өзүнчө алимент төлөө тартибине тиешелүү демилгелеп жаткан мыйзам долбоорлорун жалпылаштырып, парламенттик угууга алып чыгуу сунушун беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД