Жардыруунун натыйжасында сүрөтчү Колесников жана анын иниси каза болушту

Рабочий городоктогу Космический көчөсүндөгү жардыруунун натыйжасында сүрөтчү Колесников жана анын бир тууганы каза болушту. Бул тууралуу иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери билдиришти.

Жардыруунун эпицентри үйдүн короосуна туш келгендиктен үй жана үйдөгү Колесниковдордун чоң энеси жаракат алган эмес.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык бир туугандар короодо минаны аралып, экиге бөлгөнгө аракет кылышкан.

Андан тышкары окуя болгон жерде саперлор дагы эки снаряд табышкан. Снаряддар шаар ичинен чыгарылып, коопсуз жерге алып барылган.

Кечээ райондо саперлор жана укук коргоо органдары иштеп, жакын арада жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларын да курчалган аймакка киргизишкен жок. Жергиликтүү жашоочулар өз үйлөрүнө түн жарымы оогондо гана кире алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД