Түркия премьер-министринин Кыргызстанга болгон расмий иш сапары башталды

Бүгүн Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган КР президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугат.

Кечээ, 9-апрелде, Эрдоганды премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Бүгүн Түркиянын премьер-министри Бишкек мэри Иса Өмүркулов менен Эркиндик аянтындагы өчпөс отко гүл коюшат. Андан соң Эрдоган "Ала-Арча" резиденциясында Сатыбалдиев менен тар чөйрөдө сүйлөшүп, андан соң кеңейтилген курам менен сүйлөшүүлөр жүрөт.

Саат 12-00дө кыргыз-түрк бизнес форуму башталат. Ага Эрдогандын катышуусу күтүлүүдө. Андан сырткары форумга экономика министри Темир Сариев да катышат.

"Ала-Арча" резиденциясындагы форумдан соң Режеп Тайып Эрдоган КР президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД