Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев ден-соолугуна байланыштуу эркиндикке чыкты

Кечээ, 9-апрелде, Нарын шаардык сотунун соту криминалдык авторитет жана Камчы Көлбаевдин оппоненти катары таанымал Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаруу чечимин кабыл алган. Сот анын ден-соолугунун начардыгын эске алган.

Укук коргоо органдагы ишенимдүү булак "ВБ"га мыйзамдагы ууруну жогорудагыдай формулировка менен эркиндикке алгачкы жолу чыгарылып жатканын баса белгиледи. Батукаев боор циррозу менен жабыркаганы көпчүлүккө белгилүү. Диагноз бир нече жолу ар башка медициналык мекемелердин дарыгерлери тарабынан тастыкталган. Андан тышкар Батукаев көп жылдан бери баңгиликтен көз каранды экени да белгиленет.

Азиз Батукаев мөөнтүнөн тогуз жылга эрте бошотулду.

Кээ бир маалыматтарга ылайык, ал дароо эле Грозный шаарына учуп кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД