Азиз Батукаевдин Москвага чыгарылганы боюнча имишти текшерүү талап кылынууда

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 1-апрелдеги, жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков мыйзамдагы ууру Азиз Бутакаевдин Москвага чыгарылып кеткендиги тууралуу айтылып аткан имиштердин чын төгүнүн текшерүүнү талап кылды.

Анын айтымында, мындай маалымат кечээ пайда болгон, эгер ал чындыкка коошсо аны "чоң күнөө деп" баалоого болот. "Мындай ишке жол бергендер отставкага кетиши керек. Мен бул маалыматты текшерүү үчүн тийиштүү жетекчилерди чакырууну сунуштайм", -деди Исаков.

Төрага Асылбек Жээнбеков бул сунушту колдоого алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД