Рабочий городоктогу жардыруунун курмандыктары ок-дарыны коллекция кылышкан

Кечээ, 9-апрелде, Рабочий городоктогу жардыруунун айынан каза болгон Колесников биртуугандары эски ок-дарыларды коллекция кылып чогултушкан. Бул тууралуу бүгүн "ВБ"га Бишкек ШИИБсинен маалымдашты.

Эске салсак, кечээ жеке менчик үйдүн короосунда жардыруу болгон. Жардыруу өтө катуу болгондуктан анын үнү бир нече кварталга угулган. Кийинчерээк каза болгондор 1987 жана 1985-жылы туулган Андрей жана Анатолий Колесниковдор экени аныкталган. Божомолдоолор боюнча, жардыруу, бир туугандар танкага каршы снарядды аралап, эки бөлгөнгө аракет кылгандын айынан келип чыккан.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, бир туугандардын бири Балыкчы шаарында жашайт жана ал жактагы полигондон снаряддардын бирин Бишкекке алып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД