Нарматова: "Манас" университетинде өз пикири бар болгон мугалимдер айдалууда

"Түрк университети менен Америка университетинин салыштырып болбойт. Түрк университети мамлекеттик болуп эсептелет, ал эми Америка жеке менчик. Андыктан Америка университетинин ректору америкалык боло алат". Бул тууралуу депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 10-апрелдеги, жыйынында билдирди.

Ал ошондой "Манас" университети тууралуу келишимди Түркиянын премьер-министри келген убакка такап туруп, кааласаңар да, каалабасаңар да кабыл алып бергиле деп жарга такаган болбойт деди. "Албетте, түрктөр каражатын алып келип, балдарды окутканына каршы эмеспиз. Ага рахмат гана айтабыз. Ошонтсе да азыр ал жакка "хоп" деп колун бооруна алган кадрларды гана жумушка алып атат. Өз позициясын ачык билдирген декан, мугалимдерди жумуштан алып атат. Бул не деген шумдук", -деди ал.

Өз кезегинде төрага Асылбек Жээнбеков келишимди эч ким ушул маалга атайылап алып келбегенин билдирип, бул жөн гана дал келип калуу экенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД