Министр:"Манас" университетиндеги кыргыз мугалимдер миң доллардан көп айлык алат

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 10-апрелдеги, жыйынында Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин иши жөнүндөгү келишимди узартуу жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоору каралды. Ал айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, 25 жылга узартылып жатат.

Канат Садыков учурда бул окуу жайда иштеген кыргыз мугалимдердин алды миң доллардан көп айлык аларын айтты.

Депутат Надира Нарматова университеттин ректору түрк жараны болушу боюнча министрдин оюн билүүгө кызыкты. Министр өз кезегинде бул суроого өзүнүн так оюн билдире алган жок. Депутат министрдин берген жообуна канааттанган жок. "Мага мына толтура арыздар келип атат. Ал жакта иштеген кыргыз мугалимдер менен түрк мугалимдеринин шарттары бирдей эмес. Алар бекер үйлөрдө жашайт экен да, кыргыз мугалимдер акча төлөп жашайт экен. Эмнеге мындай теңсиздик бар?",- деп суроо салды депутат.

Канат Садыков Түркиядан келген мугалимдер бул жакка келгендиги үчүн да айлык алып, Түркиядагы айлыгы да сактала турганын билдирди. "Кандай болгон күндө да түрк мугалимдер менен кыргыз мугалимдердин айлыгында айырмачылык болот",- деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД