Исаков: Жетекчи келишимге кол коёрдо, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошу керек

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 10-апрелдеги, жыйынында Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин иши жөнүндөгү келишимди узартуу жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоору каралды. Ал айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, 25 жылга узартылып жатат.

Депутат Исмаил Исаков Манас университетинде түзүлгөн азыркы абалга бир катар жетекчилер күнөөлүү экенин айтты. Ал кандай гана келишим болбосун, ага кол коюп аткан жетекчилер алгач мамлекеттин коопсуздугун ойлоосу керек экенин билдирди. "Кыргызстандагы билим коопсуздугун коргой турган ким – айлык алган министр. Колду коюп атканда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобойбу. Ар бир жетекчи министр Кыргызстандын окуу коопсуздугун, Кыргызстандын коопсуздугун коргоосу керек. Мына комитет жетекчилери да бул жерде кимдин таламын талашып атканы билинип атат",- деди ал.

Ал эми депутат Бөдөш Мамырова эки тараптын мугалимдеринин укуктары бирдей болуш керектигин баса белгиледи. "Университетти башкаруу үч жыл Кыргызстан тарапка, үч жыл Түркия тарапка берилсин. Ошондой эле камкорчулар кеңеши да ушундай болсун".- деди ал.

Депутат айым "биз дагы деле өткөндөн сабак албай атабыз",- деди. "Мына акчасын өздөрү алып келет, өздөрү иштетет деп атып Кумтөрдөн оозубуз күйдү. Эмнеге ушул жагдайды эске албай атабыз. Түрк тарап акча алып келип атат деп атабыз. Эмне үчүн биз аларга 85 гектар жерди бардык шарты менен эч кандай төлөмсүз эле берип атканыбыз эске алынбайт. Мына министр айтып атат "түрктөр өздөрү бөлгөн каражатты өзүбүздүкүлөр башкарсын деп атышат" деп атат. Келишим ратификация боло электе эле түрк тараптан ректор дайындап атасыңар",- деди ал.

"Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган КР Өкмөтү менен ТР Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД