"Көлдүк нефрит ташын" мамгеологагенттиктин атайын комиссиясы изилдейт

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик геологтордун атайын комиссиясын түздү. Алар Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында табылган нефрит ташын изилдешет. Бул тууралуу "ВБ"га айтылган ведомстводон кабарлашты.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунда божомолдоолор боюнча 100 тоннага жакын нефрит ташы табылган. Учурда ал ташты жергиликтүү жашоочулар жана милиция кайтарып жатышат. Кымбат баалуу таштын табылгандыгы тууралуу имиштер мындан жарым жыл мурда пайда болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, кимдир бирөөлөр ташты алып кетүү аракетин да көрүшкөн. Бирок, анын өтө чоң болгондугуна байланыштуу чыгарып кетүү мүмкүн эмес эле.

Мамгеологагенттиктин билдиришине караганда, нефрит ташынын көл жергесинен табылып жаткандыгы өзгөчө олжо. Буга чейин бул таш мамлекеттин түштүгүндө гана табылып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД