Microsoft компаниясы Windows XP оперативдүү системасынан баш тартат

Туура бир жылдан кийин, 2014-жылдын 8-апрелинен тарта, компания XP үчүн жаңылоону токтотот. Windows XP 2001-жылы сатыкка чыккандан тарта дүйнө жүзү боюнча эң белгилүү оперативдүү системалардын бири болгон. 2008-жылы XP ар 100 компьютердин 83үндө орнотулган. Үстүбүздөгү жылдын март айында, бул ОС болжолдуу түрдө компьютердик технологиялар базарынын 39 пайызын ээлеген. Windows 7 "улуу агасын" белгилүүлүк жагынан озуп кеткенине аз гана убакыт болду.

Windows XP оперативдүү системасынын негизги базасын тейлөө 2009-жылы эле токтогон. Бирок ага карабастан Microsoft системанын коопсуздугунда болуп жаткан "тешиктерди" бүтөө үчүн программалар менен камсыз кылып келген. 2014-жылы компания бул практикадан да баш тартат. Бирок аздыр көптүр Windows 7 оперативдүү системасынын XP оперативдүү системасына чейинки расмий даунрейди 2020-жылга дейре сакталып кала берет.

Муну менен Microsoft компаниясы колдонуучуларды акырындык менен заманбап оперативдүү системасын сатып алууга түртөт. Microsoft үчүн колдонуучуларды софторду жаңылоо боюнча үгүттөө кээде маселелерди туудуруп келген, андыктан компания кескин кадамдарга барган да учурлары болгон. Өз учурунда, колдонуучуларды Microsoft Office 2003 үлгүсүнөн заманбап үлгүгө өткөрүү үчүн компания docx файлдар форматын киргизген. Бул формат болсо, тиешелүү плагинсиз офистик пакеттин мурунку муунунда иштеген эмес.

Microsoft компаниясынын бул кадамы жумушчу базасын XP оперативдүү системасында түзүп алган ири корпорациялар үчүн белгисиз сокку болду. Жаңы оперативдүү системага өтүү бул ири корпорациялар үчүн эбегейсиз майда жумуш жана көп каражат талап кылат. Аны менен бирге эле, жаңы системага өтүү 13 айдан 18 айга чейинки убакытты талап кылган узак процесс болуп саналат деп жазат The Register порталы.

Windows XP оперативдүү системасынын жакшы жактарынын бири – бул түрдүү ресурстарды талап кылбастан ылдамдыгы 300 мегагерц процессинде туруктуу иштеши болуп саналат. Күчтүүлүгү жактан начар компьютерлердин мисалы, нетбуктардын колдонуучулары Windows XP оперативдүү системасын дагы да болсо тандап келишүүдө.

Бирок ага карабастан, жогоруда айтылгандай бардыгы жаман эмес. Кээ бир майда компаниялар Windows XP оперативдүү системасынын коопсуздугу үчүн атайын программаларды тартуулап келишет. Microsoft компаниясы XP оперативдүү системасынын баш тарткан күндө да, башка компаниялардын жабдык программалары менен Windows XP оперативдүү системасында иштей берсеңиз болот. Көпчүлүк колдонуучулар учурдан тартып, жеке компьютерлеринин коопсуздугу үчүн кошумча антивирус программаларын жүктөшүүдө. Бирок, эстен чыгарбаңыз жакынкы жылдарда көптөгөн жабдык программалар Windows XP оперативдүү системасында иштебей калат. Андыктан эски оперативдүү системаны колдонгон колдонуучулар бул программалар менен иштөө мүмкүнчүлүгүнөн кол жуушат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД