Ош мэриясы начар жолдордун абалы менен таанышты

Кечээ, 9-апрелде, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов рейд учурунда шаар көчөлөрү менен жана аны оңдоо иштери менен таанышты.

"Күн жылыгандан бери көптөгөн жарандар жолдун начардыгына арызданышууда. Андыктан муну баарыбыз ыкчам чечкенге аракет кылышыбыз керек. Биздин жашоочулар ыңгайлуу жашашы үчүн шаар мэриясы бардык аракеттерди көрөт",- деди ал.

Шаар көчөлөрү башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакуновдун айтымында, Ошто 513,3 км жол бар. Анын 313 км асфальт төшөлгөн, ал эми 200,3 км шагыл төгүлгөн.

"57 чакырым жол Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагында, 7,85 км жол Кара-Суу районунун карамагында",- деди Абдылдакунов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД