УКТнын мүчөсү экени сот аркылуу тастыкталса, ал жогорку жумушта иштей албайт

Жогорку Кеңеште уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетчү нерсе, жаңыдан киргизилип жаткан түзөтүүлөргө ылайык, кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелип, сот аркылуу аныкталган мурдагы соттолбогон адамдар да атайын каттоого алынуу менен, алардын мамлекеттик кызматта иштөөсүнө жол берилбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

УКТ мүчөлөрүн каттоого алуу ишин ыраатташтыруу максатында, баяндамачы уюшкан кылмыштуу топтор негизинен баңгизат, каржы, каракчылык сындуу түрлөргө бөлүнүп каттала тургандыгын баса белгиледи. Ушундай чараларды көрүүнүн натыйжасында Италия, Германия, Грузия, Азербайжан, Латвия өңдүү өлкөлөрдө уюшкан кылмыштуу топтордун саны кескин кыскарган.

Мыйзам долбооруна ылайык, соттолгон УКТ мүчөлөрүнө карата мунапыс жарыяланбайт, дагы башка жеңилдиктер каралбайт.

Эске салсак, мындай демилге 2006-жылы көтөрүлүп, "Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө" мыйзамдын өзү 2008-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, бирок президент тарабынан ага вето коюлгандыктан, ага 2011-жылы гана кайрадан кайрылып келүүгө туура келген. Азыр ага тиешелуу түзөтүүлөр киргизилип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД