Жол оңдоого Кытайдан 129,8 млн доллар өлчөмүндө насыя алуу келишими каралды

Жогорку Кеңеште КР Өкмөтү менен Кытай банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Баткен-Исфана жолун калыбына келтирүү жумуштарын каржылоо боюнча макулдашуу долбору талкууланып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлүнүн айтымында, макулдашуу долбооруна ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 25 чакырымын жана Ош-Баткен-Исфана жолунун 125 чакырымын оңдоого кытай банкы тарабынан 129,8 млн АКШ доллары өлчөмүндө насыя берилүүгө тийиш. Насыя каражат жеңилдетилген 2 пайыз үстөгү менен берилет. Карызды төлөө 2020-жылы башталат.

Талкуу жүрүшүндө депутат Ташполот Балтабаев насыя каражатын алуу зарылчылыгын айтты. Анткени, каражат жумшала турган жолдор өлкө үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Депутаттар Анарбек Калматов менен Исмаил Исаков жол курулушуна кыргыз жарандарын көбүрөөк тартуу талабын койду. Депутат Роза Акназарова курулуш материалдары менен жабдууларын Кыргызстандын өзүнөн сатып алуу маселесин көтөрдү.

Депутат Айнуру Алтыбаева талкууланып жаткан келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына кайчы келе тургандыгын айтуу менен, аны ратификациялоого каршы добуш берүүгө чакырды. Ал эми депутат Эгемберди Эрматов менен Азамат Арапбаев кесиптештерин келишимди колдоого чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД