Эрдоган Кыргызстан менен товар айланууну 1 млрд долларга чыгарууга болот деди

"Кыргызстан менен товар айлануунун көлөмүн 1 млрд долларга чыгара алабыз, ага күчүбүз жетет", - деп Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган кыргыз-түрк сүйлөшүүлөрү учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык кызматташуу толук түрдө колдонулбай келет.

Эрдоган эки мамлекет ортосундагы товар айлануу өткөн жылы 90 млн долларга чыкканын белгилеп, товар айланууну 1 млрд долларга чыгаруу мүмкүн экенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД