Бюджет жана каржы комитети Келдибековдон баш тарткан жок

Бүгүн, 10-апрелде, бюджет жана каржы комитетинин жабык отурумунда анын мүчөлөрү комитеттин төрагасы "Ата-Журт" фракциясынан депутат Акматбек Келдибековго ишеним артаарын көрсөтүшүп, аны кызматынан албоону чечишти. Бул тууралуу "ВБ"га көз карандысыз депутат Равшан Жээнбеков билдирди.

Эске салсак, кечээ, 9-апрелде, КСДПнин лидери Чыныбай Турсунбековдун демилгеси боюнча парламенттеги "Ырыс алды ынтымак" көпчүлүк коалициясы Келдибековго ишеним артпай, анын ордуна башка атажуртчу Марат Султановду дайындоону сунушташты. Жээнбековдун айтымында, коалициянын чечимине жооп катары комитет Келдибековду ордунда калтырууну чечти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД