Эртең Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчүрүлөт

Эртең, 11-апрелде, Бишкекте 9дан 17ге чейин Энесай, Көлмө жаңы конуштарында, Кудрук, Куренкеев, Исанов, Шорин, Ташкент көчөлөрүндө; жана Жамгерчинова, Шуш-Төбө, Обская, Кайназаров, Гатчинский, жана Средний көчөлөрүндө; Шота Руставели, Айни, Жаманбаев жана Тынчтык проспектисине кирген аймакта. Бул тууралуу "Түндүкэлектро" ААКтын басмасөз кызматы маалымдады.

Жарыктын өчүрүлүшү "Түндүкэлектро-2" жогорку вольттогу подстанциясындагы оңдоо иштерине жана № 212, 34, 302, 820, 966 подстанцияларындагы капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД