Учкун Ташбаевдин иши сотко өттү

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча материалдар Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна берилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде адвокат Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 9-апрелде, МУККнын тергөө бөлүмү материалдарды райондук сотко берди. "Материал 7 томдон турат, бирок анын 90%ы Учкунбек Ташбаевге тиешелүү эмес",- деди Айткулов.

Ал ошондой эле тергөө учурунда Ташбаев эки жолу суракка алынганын кошумчалады. Бир жолкусунда "Кутисай Майнинг" ЖЧКсынын лицензиясын узартуу боюнча, кийинкисинде көмүр кени боюнча сурак берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД