Букмекердик кызмат көрсөткөндөрдү милдеттүү патентке өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңеште депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан КР Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү демилгеси каралды. Мыйзам долбоорунда букмекердик жана тотализатордук кызмат көрсөтүүнү милдеттүү патентке өткөрүү чарасы камтылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, букмекердик жана тотализатордук кызмат көрсөтүүгө тыюу салынбастан, алардын ишин милдеттүү патентке өткөрүү аркылуу жөнгө салуу керек. Патент наркы – 15 миң сом. Алдынала божомолдор боюнча бюджетке жылына 16 млн сом киреше түшүүсү күтүлөт.

"КР Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД