Бүгүн Бишкекте жана бир катар жаңы конуштарды жарык өчөт

Бүгүн саат 9-00дөн 17-00дө чейин борбордогу №№ 212, 34, 302, 820, 966 трансформаторлорунда жогорку вольттогу "Сельэлектро-2" көмөкчордонунда, "Алексеевка" трансформатордук көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр зымдарындагы оңдоо иштерине байланыштуу, Бишкектеги "Энесай" конушунда, "Көлмө"конушунун (Дастан, Сейил көчөлөрүндө), Кудрука, Күрөңкеев, Исанов, Шорин, Ташкент көчөлөрүнүн барчаларында, Шуш-Тубе, Джамгерчинов, Кайназарова көчөлөрүндө, Средняя, Гатчинский кичи көчөлөрүндө, чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысындагы Шота Руствели, Айни, Джаманбаев, Тынчтык проспектисинде, ошондой эле Аламүдүн айылынын бир бөлүгүндөгү (Панфилов, Набережная, Гидростроитель, Чапаев, Алма-Атинская, Заречная көчөлөрүндө), Жайыл районундагы Алексеевка айылында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД