"Түндүкэлектр" ААК март айында 448,7 млн сом чогулткан

Март айында "Түндүкэлектр" бөлүштүрүү тармагына 572 млн кВт саат электр энергия келип түштү. Бөлүштүрүү компаниянын товардык продукциясы 414,9 млн. сомду түзсө, ошол эле учурда 448,7 млн сом чогулуп, же болбосо жарыяланган суммадан 108,2 % ашык. Бул тууралуу ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Жыл башынан бери электр жоготуулары былтыркыга салыштырмалуу 5 % кыскарган.

2013-жылдын март айында калктын төлөм чогулуму 107,6 % аткарылды. Өнөр жай объектилери боюнча – 116,4 % , бюджеттик мекемелер боюнча– 105,7 % , айыл-чарба объектилери боюнча – 102,3 % жана башка пайдалануучулардын –108,1 % коюлган эсептин суммасы аткарылды.

Март айынын жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардын төлөм чогулуму төмөндөгүдөй:

Борбордо-114 %, Чүй областында – 105,5 %, Талас областында – 89,7 %.

Талас областы боюнча төлөмдөрдү жыйноо аткарылбаганы, бюджеттик уюмдардын өз убагында төлөбөгөндүгү менен шартталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД