Батукаев менен анын эжеси жана иниси да учуп кеткен

Кыргызстандын чыгып кеткен Азиз Батукаев менен эжеси жана иниси да чогуу учкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек арасы кызматынан "ВБ"га билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Грозный багыты боюнча учкан чартердик рейс менен мыйзамдагы уурунун эжеси Яха жана иниси Зелим да учуп кетишкен.

Белгилей кетсек, Батукаевдин ден соолугу өтө начарлап, ооруга чалдыккандыктан Нарындын шаардык соту аны эркиндикке чыгарган. Кийинчерээк, Жогорку сот анын эркиндикке чыгуусунун себебин билдирсе, Мамлекеттик чек ара кызматы анын Грозный шаарына учуп кеткенин тастыктаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД