Кыргызстан менен Тажикстан парламенттеринин депутат айымдары жолукту

Жогорку Кеңештин төрага орун басары Асия Сасыкбаева баштаган Жогорку Кеңештин депутат айымдары кечээ, 10-апрелде, Тажикстан парламентинин депутат айымдарынын тобун кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Мындай жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын депутат айымдарынын ортосунда экинчи ирет болуп жатат. Эскертсек, өткөн 2012-жылы депутат Роза Акназарова баштаган Жогорку Кеңештин депутат айымдары Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбү шаарында тажик парламентинин иши менен таанышып келишкен.

Жолугушуу ЕККУ тарабынан уюштурулуп, атайын долбоор катары ишке ашырылып жатат. Жолугушуунун максаты эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын арттыруу менен депутат айымдар арасында тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын саясатында жана жогорку мамлекеттик бийликтеги аялдардын орду тууралуу пикир алышты. "Биздин өлкөдө саясий айдыңда болобу, же болбосо мамлекеттик жогорку бийликте болобу гендердик саясаттын тең салмактуулугу сакталган. Аны мен Жогорку Соттун төрайымы, Башкы прокурор, Өкмөт мүчөлөрү болгон аял министрлер жана Жогорку Кеңештеги депутат айымдарынын мисалында айта алам",- деди Сасыкбаева.

Ал эми тажик тараптан келген депутат айымдар да өз өлкөсүндөгү гендердик саясаттан маалымат беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД