БУУ: Кыргызстанда сүттүн баасы бир жылда 36%га өскөн

Кыргызстандагы БУУнын бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тамак-ашка жана азык-түлүккө болгон баанын анализин жасашкан.

Маалыматка ылайык, март айында буудай унуна болгон баа эч өзгөрбөстөн, мурдагы айлардагыдай эле жогору баа сакталган. Ошентип 2012-жылдын июнь айынан бери ундун баасы айыл жеринде 56%га, шаар жеринде 48%га жогорулаган. Ал эми жалпы өлкө боюнча 52%га кымбаттаган.

Ошондой эле чекене сатыктагы ундун баасы 2012-жылдын март айына салыштырмалуу 42%га жогору болсо, 2011-жылга караганда 4% төмөн болгон.

Ал эми картошканын баасы өткөн айларга салыштырмалуу айыл жеринде 2%га, шаар жеринде 6%га арзандаган.

Маалымдалгандай, чекене сатыктагы сүттүн баасы акыркы төрт айдан бери эч өзгөрүүсүз турат. Ага карабастан 2012-жылдын март айына салыштырмалуу сүттүн баасы 36%га кымбаттаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД