Терешкованын юбилейине карата Бишкекте көргөзмө өтөт

Эртең, 12-апрелде саат 11де Мамлекеттик тарых музейинде Валентина Терешкованын космоско учканынын 50 жылдыгына карата "Утро космической эры" (Космос эрасынын таңы) аттуу көргөзмө ачылат.

Белгилей кетсек, 1963-жылдын 16-июнунда космоско дүйнө жүзү боюнча биринчи аял учкан.

Көргөзмөгө Валентина Терешкованын жашоосун чагылдырган сүрөттөр коюлат. Ошондой эле учурдагы космонавтиканын өнүгүп атканын тастыктаган материалдар Байконурдан алынып келинет.

Көргөзмөнү Тарых музейи менен "Гармония" орус маданият борбору уюштурууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД