Футбол: кыздардын This is Girl"s Time турниринин жарым финалисттери аныкталды

Кыздар командалары ортосунда болуп аткан This is Girl"s Time республикалык футбол турниринин жарым финалисттери аныкталды. Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиргендей, жарым финалда Чүй, Жалал-Абат, Ысык-Көл облусунун командалары жана "Бишкек" командасы ойнойт. Оюн бүгүн өтөт.

Эскертсек, турнирге жалпысынан өлкө аймактарынан жашы 14гө чейинки оюнчулардан куралган 8 команда катышкан. "Бишкек-2", "Ош", "Талас" жана "Абдыш-Ата" командалары жеңилип калгандыктан оюндан четтетилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД