Депутаттар Батукаевдин бошотулушу боюнча күч түзүмүнүн жетекчилерин сурашат

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов Жогорку Кеңештин бүгүнкү,11-апрелдеги, жыйынында мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушун күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

Эскертсек, Батукаев 9-апрелде кандын рак оорусуна чалдыккан деген дарыгерлердин корутундусу менен эркиндикке чыгарылган жана туугандары менен чартердик рейс аркылуу Кыргызстандан чыгып кеткен эле.

Эл өкүлүнүн айтымында, Батукаев көп деген кишилердин өлүмүнө тиешеси бар жана аны бошотпоо керек болчу. "Келгиле, бул маселени күн тартибине киргизели, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси менен корутунду чыгарган дарыгерлерди да чакыралы. Мындайга кантип уруксат берилди? Же силер депутат Тынчтыкбек Акматбаев ушул кишиден улам өлгөнүн унутуп калдыңарбы?",- деди ал.

Депутаттар Батукаев боюнча маселени саат 14-00дө күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринен угушмай болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД