Надира Нарматова: 13-14 депутат менен кантип пленардык жыйын өтсүн?

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Надира Нарматова 13-14 депутат менен кантип жыйын өтсүн, андан көрө танапис жарыялайлы деген сунушун Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 11-апрелдеги, пленардык жыйынында билдирди.

"Залда 13-14 депутат отурат. Анан кантип чогулуш болсун. Андан көрө тыныгуу жарыялап, депутаттар келгенден кийин уланталы. Бул жерде этика комитетинен да депутаттар отурат. Алар да карасың муну",- деди ал.

Өз кезегинде жыйынга төрагалык кылып аткан "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева "Ар кандай маселелерди" талкуулоодо ушундай боло берет, танапис жарыялоого негиз жок,- деген жообун берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД