Оор атлетика: Аскат Анардин уулу өспүрүмдөрдүн дүйнөлүк чемпионатында 31чи болду

Кыргызстандык атлет Аскат Анардин уулу өспүрүмдөр арасында өткөн дүйнөлүк лицензиялык чемпионатта 31-орунду алды. Оор атлетика боюнча эл аралык федерациясынын расмий сайтында маалымдалгандай, 62 кг салмакка чейинки категория боюнча мелдеш аяктады. Ага 43 спортчу катышкан.

Аскат Анардин уулу жалпысынан 212 кг салмак көтөргөн. Ал булкуп көтөрүүдө 96 кг, түртүп көтөрүүдө 116 кг көтөргөн. Мелдештин чемпиону 258 кг салмакты көтөргөн.

Бул чемпионат командалык болуп саналат. Анда 2014-жылы өтө турган өспүрүмдөрдүн Олимпиадалык оюндарына лицензия берилет. Чемпионаттын жыйынтыгында командаларга 2014-жылкы оюндарга лицензиялар бөлүштүрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД