Кыргызстанда баңгизаттын накта көлөмүнөн 1% эле алынат

"Кыргызстанда баңгизаттын накта көлөмүнөн 1% эле алынат", - деп бүгүн, 11-апрелде, Борбор Азиядага баңгизаттардын жайылышын алдын алуу боюнча Европа биримдиги жана Борбор Азия мамлекеттеринин Программасынын бешинчи фазасын жыйынтыктап жатып, Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын баңгизаттарды лицензиялоо жана профилактика кылуу башкармалыгынын жетекчиси Тимур Исаков.

"Өлкөдөгү баңги зат абалы курчуп барат. Бул Кыргызстандын географикалык абалына байланыштуу. Наркотранзиттин жолунда жайгашкан КР опиум, героин жана гашиштин өлкө ичиндеги жайылышынан зор зыян тартууда", - деп айтып берди.

Искаковдун айтымында, адистер Кыргызстан аркылуу өткөн баңгизаттын көлөмүн ар башка деп айтып келишет. "Анын болжолдуу көлөмү жылына 20-80 тонна", -деп тактады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД