Депутат балдардын гепатит болуп оорушуна министрди күнөөлөдү

"Республика" фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 11-апрелдеги, пленардык жыйынында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеванын дарегине сын айтты. Депутат мектептердеги жана бала бакчалардагы балдардын гепатит менен ооруганы үчүн министр жоопкерчилик тарткан жок деди.

Эл өкүлү Сагинбаева саламаттыкты сактоо тармагында жасалып аткан реформалар тууралуу депутаттардын алдында эч кандай отчет берген эмес деп кошумчалады.

"Өткөн жылы бардык мектептерде жана бала бакчаларда гепатит эпидемиясы болду. Балдар ооруду. Биз болгону кесепетин гана карап, анын алдын алуу боюнча эч нерсе жасабай атабыз. Бул Бишкекте болуп аткан маселе, ал эми айыл жеринде эмне болуп атканын унчукпай эле коеюн. Министр бир да жолу келип, системада эмне болуп атканы тууралуу айткан жок. Мына бир жаш баланын башына операция жасалып, врачтар анын башына 30 см бинтти унутуп калыптыр. Анын кесепетинен бейтап өлүп калды",- деди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД