Бишкектин жолдоруна каражат түрк кредитинен бөлүнөт

Кыргызстанга берилген 100 млн доллар түрк кредитинен каражат Бишкектин ичиндеги жолдордун оңдолушуна жана салынышына да бөлүнөт. Бул тууралуу "ВБ"га каржы министри Ольга Лаврова билдирди.

"Бул кредит өз-өзүнчө транш менен келип, ар башка инвестициялык долбоорлорго колдонулат. Тагыраак айтканда, Бишкектин жолдорунун оңдолуп, кайрадан салынышына, билим берүү мекемелерин курууга, Бүргөндүдөгү суу сактагычын салууга, айыл чарба жана суу чарба департаментине техниканы лизинг аркылуу берүүгө сарпталат", - деди министр.

Лаврованын айтымында, Түркия алдындагы Кыргызстандын карыздары 2011-жылы эле кечирилген.

Эске салсак, кечээ, 10-апрелде, Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапары башталып, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңеште жыйын өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД