Депутат Рысалиевди "таласттыктарды" бардык жерге дайындап атат деп сындады

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Надира Нарматова Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына Зарылбек Рысалиевдин келиши менен кадрдык саясат өзгөргөнүн Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги пленардык жыйынында билдирди.

"Рысалиев ИИМде турганда да кадрдык саясат өзгөргөндө унчуккан эмесмин. Эми ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына которулду. Ал жакта ошол эле абал кайталанып атат. Бул эми канчага чейин уланат? Ал жетекчи кызматтарга таластыктарды дайындап атканы мага маалым болуп атат. Ал эми Баткен, Жалал-Абаттык кызматкерлерди колдобой атат",- деди Нарматова.

Депутат бул маселе боюнча өкмөттүн териштирүүсүн талап кылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД