"Кыргызстан" банкынын мурдагы акционерлери Бабановду калп айтты деп айыптады

"Кыргызстан" коммерциялык банкынын акционерлерин өз акциясын сатууга мажбурлашкан. Бул тууралуу банктын мурдагы акционери Калича Умуралиева бүгүн, 11-апрелде, маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мурдагы премьер-министр банк банкрот болуу алдында сатып алгам деп калп айтууда.

Умуралиева "Кыргызстан" банкынын акцияларын сатып алып атканда ал банкрот болуу алдында эместигин баса белгиледи. "Банктын кассасында 200 млн сом бар болчу. Банктын карамагында жетиштүү түрдө кыймылсыз мүлктөр да болгон. Анын баасы ошол убакта 70 млн сом деп бааланган. Бир гана баалуу кагаздардын жалпы суммасы 497 млн сом болчу. Кайсыл банкрот тууралуу сөз болуп атат?",- деп суроо салды ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД