Токмокто карыган бейбаш өтүп бараткан кишинин кулагын кесип салган

Токмокто мас абалындагы бейбаш киши курмандыгынын кулагын кесип алган. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 36 жаштагы Токмок шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, "Мүрөк" базарынан бейтааныш мас абалындагы киши өтүп бараткандарга асылган. Алардын бирөөнү кармап, кулагын кесип алган.

Милиция бул ишке шектүү деп Ысык-Ата районунун 61 жаштагы тургунун кармашты. Ага "Бейбашчылык" беренеси боюнча айып тагылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД