"Манас" аэропортунда кытай жаранын алтын куймак менен кармашты

Бүгүн, 11-апрелде, "Манас" эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын көзөмөл бөлүмү, учаар алдындагы тинтүү учурунда, Бишкек-Үрүмчү №719 каттамынын жүргүнчүсүндө 90 г салмактагы үч алтын куймагын табышкан. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропорту" ААКтын пресс-кызматы кабарлады.

Алтын кара боек менен боелуп, ноутбуктун ичине катылган. Кытай Эл Республикасынын колго түшүрүлгөн жараны уруксаат берүүчү тиешелүү документтерди тапкан эмес. Ошонун натыйжасында анын иш-аракетин мамлекет ичинен мыйзам бузуу жолу менен чыгарып кетүү аракети катары бааланды.

Жүргүнчүнү каттамынан алып калып, аныкталган факты боюнча материалдары менен кошо Бажы кызматына тапшырышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД