Бейтаптын башына унутулган бинт окуясын министр жеке көзөмөлгө алды

Саламаттыкты сактоо министрлиги операциядан кийин бейтаптын башына унутулган бинт маселесин иликтөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде, министрликтен "ВБ"га билдиришти.

Белгиленгендей, даарылоо-профилактикалык жардам башкармалыгынын жетекчиси Анара Ешходжаевага комиссия түзүп, окуяны иликтөө тапшырылды. Ошондой эле бул окуяны саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева жеке көзөмөлүнө алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД