Орусиянын Свердлов районунда кыргызстандык наркокурьерлер кармалды

Орусиянын маңзаттарды сатууну көзөмөлдөө федералдык кызматынан билдиришкендей, аймакка маңзаттарды ташып келген аткезчилик жолго бөгөт коюлду. Орусиянын аймагына ири көлөмдөгү маңзатты алып келген Кыргызстандын үч жараны кармалды.

Екатеринбург – Шадринск – Курган жолунун 31-чакырымында Кыргызстандын мамлекеттик номери тагылган лүү машина токтотулган. Текшерүү учурунда машинанын ичиндегилер маңзат колдонгон абалда экени аныкталган.

Аларды текшерүү учурунда бир жарандын денесинен кездемеге оролуп тигилген курду табышкан. Анын ичинде 2 кг жакын маңзат жашырылган. Кармалгандар бул маңзатты Орусиянын аймагында сатуу үчүн алып келишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД