Швейцарияда велокафе ачылды

Эгерде жер жүзүндө велосүйүүчүлөрүнүн бейиши бар болсо, ал анда Швейцарияда. Жыл сайын велотуристердин агымынын өсүүсүнөн келип чыккан муктаждыктарды канааттандыруу үчүн Швейцариянын Цюрих шаарынын бийлиги дизайнерлерди чакырышып, атайын кафе уюштурушту.

"Велокафе" деп аталган сервис, вело сүйүүчүлөр үчүн бир чөйчөкчө кофени, атайын орнотулган велоүстөлдүн үстүндө ичүүгө ылайыкталган. Мында атайын үстөлдөр гана орнотулбастан, шаарда велокафе тармактык кафелери велосипед тебүүчүлөрүн акысыз кофе менен тейлешет.

Велокафе - бул шаардагы транспорт кырдаалын жөнгө салып, анын ичинен унаа сүйүүчүлөрүнө, жөө адамдарга, вело жана мотосүйүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүп, ошону менен бирге экологиялык абалды жакшыртуу максатында түзүлгөн мамлекеттик өнүгүү программасы болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД